Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууда 083 формадагы медсправка керектелбейт
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 формадагы медициналык маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, 15-январдан 15-февралга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар.
«083 формадагы маалымкат боюнча кезектерге байланыштуу көп суроолор жаралууда. Түшүндүрүп кетким келет: мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырганда бул медициналык маалымкат талап кылынбайт», — деди ал. Ошону менен бирге, медициналык маалымкат айдоочулук күбөлүктү алгач ирет алуу учурунда гана керек болорун белгиледи.
Алмаштыруу үчүн колдонуудагы айдоочулук күбөлүк гана талап кылынат.
Ошондой эле Туманбаев учурда «Түндүк» системасында 083 формадагы маалымкат суралып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул маселе эске алынып, 15-январдан тартып аталган талап алынып салынат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



