Гренландиянын премьер-министри АКШнын мүмкүн болгон аскердик чабуулуна даярдык көрүлүшү керектигин айтты
АКШ президенти Дональд Трамптын коркутууларынан улам Гренландиянын эли жана бийлиги мүмкүн болгон аскердик басып кирүүгө даярдык көрө башташы керек, ал тургай мындай сценарий ыктымалдыгы төмөн болсо да. Бул тууралуу Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен билдирди.
«Аскердик күч колдонуу ыктымалдыгы аз, бирок аны толук жокко чыгарууга болбойт. Бул тууралуу каршы тарап ачык эле билдирди», — деди Нильсен Нуук шаарында өткөн басма сөз жыйынында.
Премьер-министрдин айтымында, Гренландия окуялардын өнүгүшүнүн бардык мүмкүн болгон сценарийлерине даяр болушу зарыл. Ал Гренландия НАТОго мүчө экенин эске салып, кандай гана болбосун чыңалуу бүткүл дүйнө үчүн кесепеттерди алып келерин белгиледи.
Гренландия — Даниянын автономдуу аймагы.
Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу АКШнын Гренландияга карата дооматтары бар экенин билдирген. Ал муну АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктары менен түшүндүргөн. Ал эми Гренландиянын бийлиги арал АКШнын курамына кирүүнү каалабай турганын билдирип келген.
Ак үй Гренландияны сатып алууну сунуштаган, ошол эле учурда күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн да толук четке каккан эмес.
Ошондой эле Трамп АКШнын Гренландияга карата дооматтарын колдобогон европалык өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн (пошлина) киргизерин жарыялаган.
Гренландия айланасындагы кырдаалды талкуулоонун кийинки айлампасы Давосто өтө турган форумдун алкагында болору күтүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



