Сот Түштүк Кореянын мурунку премьер-министрин башаламандыкка катышканы үчүн 23 жылга түрмөгө кести
Түштүк Кореянын мурдагы премьер-министри Хан Док Су 23 жылга эркинен ажыратылды. Сот аны «көтөрүлүш учурунда маанилүү тапшырмаларды аткарган» деп күнөөлүү тапты. Бул тууралуу YTN телеканалы билдирди.
Сеулдун Борбордук райондук соту мурдагы президент Юн Сок Ёль жарыялаган «өзгөчө кырдаалды» көтөрүлүш деп баалады. Хан Док Су бул ишке шерик катары таанылды, анткени ал антиконституциялык жарлыкты даярдоого катышкан жана полиция менен армияны Улуттук жыйын (парламент) жана Шайлоо комиссиясын ээлеп алуу үчүн мобилизациялоого каршы чыккан эмес.
Сот ошондой эле экс-премьер мурдагы ички иштер министри Ли Сан Мин менен массалык маалымат каражаттарына электр энергиясын өчүрүү чараларын талкуулаганын аныктады. Бул аракеттер цензура катары бааланды. Мындан тышкары, Хан Док Су расмий документтерди жасалмалаган жана сотто жалган көрсөтмө берген деп да күнөөлүү табылды.
Өкүм жарыялангандан кийин Хан Док Су сот залынан дароо камакка алынды. Сот анын аракеттери өлкөгө «кайтарылгыс зыян» келтирип, конституциялык түзүлүшкө олуттуу коркунуч жаратканын белгиледи. Бул өкүм иштин башка негизги фигуранттарына, анын ичинде мурдагы президент Юн Сок Ёльге да таасир этиши мүмкүн. Юндун сот процесси кийинки айга пландалган.
16-январда Сеулдун Борбордук райондук соту мурдагы президент Юн Сок Ёльду беш жылга эркинен ажыраткан. Ал сот адилеттигине тоскоолдук кылган деп айыпталган. Өкүм 2024-жылдын декабрында кыска мөөнөткө аскердик абал киргизүүгө байланышкан иштин алкагында чыгарылган. Ошондой эле Юн 2025-жылдын январында тергөөчүлөрдүн аны кармоо аракетине да тоскоолдук кылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



