"ЖОЖдордун ректорлору чет өлкөдө контракттардын эсебинен эс алышат, - депутат
Кыргызстанда жогорку окуу жайларындагы контракттык окуунун баасына чектөө киргизүү зарыл, анткени акыркы эки жылда алардын наркы кескин өсүп кетти. Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, контракттык окуунун кымбаттыгына байланыштуу ата-энелер депутаттарга көп кайрылышат.
«Айрым жогорку окуу жайлардын ректорлору ушундай жогору бааларды коюп, кийин контракттан түшкөн каражаттардын эсебинен чет өлкөлөрдө эс алып жүрүшөт. Айып пулдар тууралуу мурда да сөз болгон, алар калтырылган. Контракттык акчаларды чогултуп, өз каалоолору боюнча пайдаланып жатышат. Бул тууралуу мен буга чейин да айткам, анын ичинде БатМУ боюнча да», — деди депутат.
Мамлекеттик антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин директору Женалы Орозбаев 2016-жылы билим берүү тармагы мамлекеттик баа жөнгө салуудан чыгарылганын маалымдады. Анын айтымында, учурда агенттик өз сунуштарын даярдап жатат, анткени айрым жогорку окуу жайларда контракттын баасы бир жылдын ичинде эки эсеге чейин өсүп, мисалы, 50 миң сомдон 100–120 миң сомго чейин жеткен.
«Биз талдоо жүргүзүп, Экономика министрлигине кайрылдык. Маселен, Улуттук университет боюнча… биз көрсөтүлгөн кызматтардын өздүк наркынын түзүлүшүн текшерүүгө ыйгарым укукка ээбиз. Бул боюнча мыйзамсыз алынган каражат катары 23 млн сомду кайтарып берүүнү талап кылуудабыз. Ошондой эле Жусуп Абдрахманов атындагы университетке (АГУПКР) 13 млн сомду кайтарып берүү боюнча көрсөтмө берилди», — деди ал.
Депутат тиешелүү сунуштар менен келүүгө чакырып, парламент мындай демилгени колдоого даяр экенин кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



