Өзбекстандан Кыргызстанга берилген 304 гектар жер өнөр жай аймагына айланат
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев бүгүн, 4-март күнү Араван районуна болгон иш сапарынын алкагында тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Керме-Тоо айыл аймагына караган 304 гектар жерди көрдү.
Прездиденттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма өз кызматы билдиргендей, анда Ош-Араван жолунун боюндагы Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 304 гектар жер келечекте өнөр жай аймагына айланаары айтылды. Учурда аталган аймактын башкы планын даярдоо жана айрым ишканаларды куруу боюнча эскиздери даяр болуп калганы да маалым болду.
«Ош облусунун башчысы бул жерди бир гана өнөр жай аймагына айландырып, инвесторлорго бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Мында инфраструктурага керек болгон жол, электр энергиясы бар, жакында суунун маселесин чечебиз. Болгону ишти тездетүү керектигин баса белгилеп, тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди»,- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.