Тажикстандын ТИМи Ирандын айланасындагы кырдаалга олуттуу тынчсыздануусун билдирди
Тажикстан Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна, айрыкча Иранга байланыштуу абалга олуттуу тынчсыздануусун билдирип, ар кандай аскердик аракеттерге каршы экенин жарыялады.
Ведомствонун билдирүүсүндө Тажикстан бардык чыр-чатактарды жалаң гана дипломатиялык жолдор менен тынчтык жолу аркылуу чечүүнү колдой турганы баса белгиленип, тараптарды БУУнун Уставынын принциптерин жана эл аралык укуктун нормаларын сактоого чакырган.
«Тажикстан Республикасы тараптарды БУУнун Уставынын принциптерин, эл аралык укуктун нормаларын сактоого жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту сактоо үчүн күч-аракеттерин багыттоого чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран тарапка «америкалык кемелердин армадасы» багыт алып бара жатканын билдирген.
«Учурда Иран тарапка сонун, күчтүү армада коопсуз түрдө багыт алып бара жатат, көрө жатарбыз», — деген Трамп Айова штатында өткөн иш-чарада.
Ошол эле учурда ал Тегеран Вашингтон менен келишим түзөт деп үмүттөнөрүн белгилеген. Бирок АКШ президенти кайсы конкреттүү келишим жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



