УКМК "Достук" өткөрмө пунктунун башчысы кармады
Коррупциялык көрүнүштөргө каршы жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында «Достук — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жасалма түрдө маал-маалы менен кезек жаратууну уюштургандыгы үчүн 2-февралда Ош облусу боюнча УКМКнын Чек ара кызматына караштуу «Достук — автожол» КППсынын башчысы «А.Н.О.» кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды кыргыз-өзбек чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турган. Ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келген.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар уланууда.
«Мындан тышкары, жарандардын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иштер жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалашты комитеттен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



