Путин сөзүндө турду, - Трамп «энергетикалык жарашуу» тууралуу
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага соккуларды убактылуу токтотуу тууралуу берген убадасын аткарды. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге билдирди.
«Тыныгуу жекшембиден (25-январь) жекшембиге чейин (1-февраль) болду. Ал аяктады, жана Путин кечээ түнү аларга (Украинага) катуу сокку урду. Бул бөлүгүндө ал өз сөзүндө турду. Бул олуттуу болду, билесиңер, бир жума — биз каалаган мөөнөткө макул болмокпуз, анткени ал жакта аба ырайы өтө-өтө суук», — деди президент.
Трамп ошондой эле Орусиянын президенти менен сүйлөшкөнүн айткан, бирок сүйлөшүүнүн убактысын жана мазмунун ачыктаган эмес.
29-январда Трамп Владимир Путинге катуу сууктарга байланыштуу Украинага соккуларды убактылуу токтото турууну жеке өзү өтүнгөнүн билдирген. Анын айтымында, Орусиянын президенти бул сунушту колдогон. Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык президент Киевге каршы чабуулдарды 1-февралга чейин токтото турууну сунуштаганын, бул аскердик жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө шарт түзүү максатын көздөгөнүн түшүндүргөн.
Кечээ Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү массалык сокку жасалганын билдирип, анын бутага алынган объектилери Украинанын аскердик-өнөр жай комплекси жана энергетикалык инфраструктурасы болгонун маалымдаган. Ведомство бул чабуул Киевдин Орусиядагы жарандык объектилерге жасаган соккуларына жооп иретинде болгонун белгилеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



