АКШ Нигерияга аскердик контингент жиберди

АКШнын Африкадагы командачылыгы Нигерияга «аскерлердин чакан тобу» жөнөтүлгөнүн билдирди. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул — өлкө аймагында америкалык аскерлер бар экенин биринчи ирет расмий тастыктоо.

Агенттиктин билдиришинче, эки өлкө Батыш Африкадагы террордук коркунучка каршы кошумча чараларды көрүү зарылдыгы боюнча макулдашкандан кийин америкалык топ жөнөтүлгөн. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Африка командачылыгынын башчысы, генерал Дагвин Андерсон аскерлер «өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ» экенин айткан, бирок алардын миссиясынын көлөмү жана мүнөзү тууралуу кошумча маалымат берген эмес.

Reuters булактарынын маалыматы боюнча, америкалык топ чалгын маалыматтарын чогултууга жардам бериши мүмкүн. Бул нигериялык күчтөргө террористтер менен байланышы бар топторго сокку урууга шарт түзөт.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Нигерияны өлкөнүн түндүк-батышында аракеттенген исламчыл согушкерлерден христиандарды коргой албай жатат деп айыптаган. Андан соң 2025-жылдын 25-декабрында АКШ Нигериянын түндүк-батыш бөлүгүндө «Ислам мамлекети» тобуна аба соккусун урган. Аскерлердин маалыматына ылайык, бул сокку «нигериялык бийликтин өтүнүчү менен» жасалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз