АКШ өзүнүн жарандарын Ирандан тезинен чыгып кетүүгө чакырды
АКШ бийлиги өз жарандарын Ирандан тез арада чыгып кетүүгө чакырып, өкмөттүн жардамына таянбай өз алдынча чыгып кетүү планын алдын ала түзүп алууну сунуштады.
Ирандагы АКШ элчилигинин билдирүүсүндө айтылгандай, жарандар америкалык паспорт алып жүргөнү үчүн эле кармалып калышы мүмкүн. Дипломатиялык өкүлчүлүк интернеттин иштешинде үзгүлтүктөр болушу ыктымал экенин жана авиакаттамдар токтотулушу мүмкүн экенин да эскертти.
«Эгер имараттан чыга албай калсаңыз, үйүңүздүн ичинде же башка коопсуз имаратта коопсуз жер табыңыз. Тамак-аш, суу, дары-дармек жана башка зарыл буюмдарды камдап алыңыз. Демонстрациялардан алыс болуңуз, көзгө урунгудай жүрүм-турумдан качыңыз жана айлана-чөйрөгө сергек болуңуз», — деп айтылат маалыматта. Чыгып кетүүнүн мүмкүн болгон багыттары катары АКШ бийлиги Армения же Түркия аркылуу кургактык жолдорун атады.
Январь айында АКШ Жакынкы Чыгышка «Abraham Lincoln» авианосеци баш болгон сокку уруучу авианосецтик топту жана бир нече эсминецти жөнөткөн. 6-февралга АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү пландалган. 4-февралдын кечинде Тегеран жолугушуунун форматына коюлган талаптарды катаалдаштырып, күн тартибине киргизилген темалардын тизмесин кыскартып жана жолугушууну Стамбулда эмес, Оманда өткөрүүнү талап кылгондон кийин консультациялар үзгүлтүккө учурай жаздаган. Кийин жолугушууга даярдык кайра жанданды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



