Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы чалкында башкармалыгынын башчысынын орун басарына кол салуу болду
Москва шаарындагы Волоколамск шоссесиндеги турак жай үйлөрдүн биринде белгисиз адам Орусиянын Коргоо министрлигинин генерал-лейтенанты Владимир Алексеевге бир нече ирет ок чыгарган. Ал ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, 6-февралда «азырынча аныкталбаган адам бир кишиге бир нече ирет ок атып, окуя болгон жерден качып кеткен». Генерал Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган, анын абалы тууралуу расмий маалымат берилген жок. RTнин укук коргоо органдарындагы булагы генерал оор абалда экенин билдирген. Ал эми күч түзүмдөрүнө жакын Mash жана «База» телеграм-каналдары генералдын артына ок атылганын жазышууда.
Бул факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери менен кылмыш иши козголду.
Владимир Алексеев 2011-жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келет.
Ал Орусиянын Сириядагы аскердик операциясына катышкан. 2017-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.
Мындан тышкары, «Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн» IV даражадагы орден жана Александр Невский ордени менен сыйланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



