Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда орус тили жөнүндө пункт өзгөртүлдү
Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда мамлекеттик тил тууралуу берене боюнча бир сөздү өзгөртүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу 9-февралда республиканын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Бакыт Нурмуханов Bes.media басылмасына билдирген.
«9-беренеде “тең” деген сөздүн колдонулушу такталып, ал “қатар” деген сөзгө алмаштырылды», — деди Нурмуханов Конституциялык комиссиянын жыйынында.
Январь айынын аягында жарыяланган долбоордогу 9-берене «тил маселесине» арналган. Анда Казакстанда мамлекеттик тил — казак тили экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында казак тили менен катар орус тили расмий колдонулары белгиленген. Бул формулировка колдонулуп жаткан Конституциядагы 7-беренеден толугу менен көчүрүлгөн болчу. Эми аны өзгөртүү чечими кабыл алынды.
Казакстандагы Конституциялык реформаны президент Касым-Жомарт Токаев демилгелеген. Баш мыйзамдын мазмунун 80 пайыздан ашык жаңылоо пландалууда
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


