АКШ Инди океанынан танкерди кармады

АКШнын куралдуу күчтөрү Индия океанында Aquila II аттуу мунай танкерин кармап калды. Пентагондун маалыматына ылайык, кеме Венесуэлага карата киргизилген деңиз блокадасын бузган. Бул тууралуу АКШнын аскердик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

«Согуш министрлиги бул кемени Кариб деңизинен Индия океанына чейин көзөмөлдөп, издеп келген. Биздин Куралдуу күчтөр сизди кургакта да, абада да, деңизде да табат жана адилеттикти орнотот. Сиз бизден алыстоого жетишкенче эле күйүүчү майыңыз түгөнөт», — деп айтылат Пентагондун Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Reuters агенттиги жазгандай, Aquila II танкери январдын башында Венесуэланын сууларынан бир нече кемеден турган флотилиянын курамында чыккан. Венесуэланын мамлекеттик мунай-газ компаниясы PDVSAнын маалыматы боюнча, ал Кытайга болжол менен 700 миң баррель венесуэлалык мунай ташып бараткан. Кеме АКШ, Канада, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин санкциялар тизмесинде турат. АКШ бул танкерди Орусияга байланыштуу «көмүскө флоттун» бир бөлүгү катары санкциялык тизмеге киргизген. Буга Sunne Co Limited компаниясы менен байланышы себеп болгон. Бул компания мунайды Украинадагы согуштук аракеттерден кийин киргизилген баа чегин айланып өтүп ташууга катышкан бир нече кемеге ээлик кылат.

Декабрдын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэладан мунай ташыган, санкция алдында турган кемелерге толук блокада жарыялаган. Андан кийин АКШ Венесуэладан чыгып жаткан, мамлекеттик таандыктыгы жана АКШ тараптын уруксаты жок болгон бардык танкерлерди кармай баштаган. Вашингтон Каракасты АКШга баңгизат ташууга көмөктөшүүдө деп айыптоодо.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз