Кыргызстандык моделдин улуттук чапан менен баш кийимдеги сүрөтү Vogue журналына жарыяланды
Кыргызстандык модель Шадия Исаева эл аралык Vogue журналынын барактарына чыкты. Анын сүрөтү фотограф Янг Чул Кимдин The Best Street Style Photos From the Fall 2026 Shows in Seoul аттуу материалында жарыяланган.
Янг Чул Ким өз ишинде Сеулда өткөн 2026-жылдагы Мода жумалыгындагы күзгү коллекциялардын эң стилдүү конокторун чагылдырган.
Шадия Исаева сүрөттө кыргыздын салттуу чапанын жана жоолугун кийип түшкөн. Модель социалдык тармактарда Мода жумалыгынын төртүнчү күнүндө толук улуттук кийими жок экенин түшүнгөнүн, болгону чоң атасынын чапаны жана чоң апасынын жоолугу бар экенин жазган.
«Мен дал ошолорду кийүүнү чечтим. Алардын элесине арнап. Алар эми жок, мага алардан калган жалгыз нерсе ушул. Ошентип, мен чындап баалуу болгон нерселер аркылуу улуттук маданиятыбызды жана өз тарыхымды көрсөтүүнү кааладым», — деп жазган модель.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


