Нурланбек Тургунбек уулу кызматын тапшырды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда өз ыйгарым укуктарын тапшырарын билдирди.
Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында өзү жарыялады. Ошол эле учурда Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин депутаты бойдон калат.
Мындай чечимди ал президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдүн шартында кабыл алган.
Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Жогорку Кеңешке өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодон кийин ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


