Орусияда WhatsApp жана YouTube толук бөгөттөлдү, - ЖМК
WhatsApp жана YouTube домендери Орусиянын Улуттук домендик аталыштар системасынын (НСДИ) жазууларынан өчүрүлгөндүктөн, түзмөктөр мессенжер менен видеохостингдин IP-даректерин ала албай калган. Бул тууралуу Коммерсантъ басылмасы жазды.
НСДИ — «суверендүү Рунет» мыйзамынын алкагында Роскомнадзор түзгөн, Орусия аймагында интернеттин туруктуу иштешин камсыздоого багытталган коомдук DNS-серверлердин жыйындысы.
Басылманын маалыматына караганда, НСДИден whatsapp.com жана web.whatsapp.com гана өчүрүлгөн. Ал эми мессенжердин техникалык домени whatsapp.net жана кыска шилтемелер үчүн колдонулган wa.me домени тизмеде кала берген. 10-февралда НСДИден YouTube домени да өчүрүлгөн.
Учурда, басылма белгилегендей, Орусия аймагында WhatsApp жана YouTube сервистерине кирүү VPN аркылуу гана мүмкүн болууда.
РБК келтирген эксперттин пикиринде, Роскомнадзор бул чектөөлөрдү Telegram сервиси менен иштөөнү жайлатуу максатында киргизген.
«Бул жерде себеп бирөө жана ал техникалык: операторлордун жана провайдерлердин түйүндөрүнө орнотулган ТСПУ (коркунучтарга каршы техникалык каражаттар) өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат. Система чексиз эмес. Бир убакта YouTube, Telegram жана кошумча WhatsApp’ты “басымга алуу” инфраструктурага оорчулук жаратат. Бул эски ноутбукта үч оор тиркемени бирдей иштетүүгө аракет кылгандай эле. Мындан тышкары, Telegram’ды жайлатуу башкаларга караганда кыйыныраак, анткени анын коргонуу механизми күчтүү жана ал ар кайсы өлкөлөрдөгү бөгөт коюу аракеттерине көнүп калган», — деп түшүндүргөн «Ультиматек» компаниясынын башкаруучу директору Жемали Авалишвили.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине берген комментарийинде, Meta компаниясы бийлик менен диалогго даяр болуп, Орусиянын мыйзамдарын аткарса, WhatsApp ишин калыбына келтирүү мүмкүн экенин айткан.
«Эгер Meta корпорациясы мыйзам талаптарын аткарса, Орусия бийлиги менен диалогго кирет жана анда макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгү пайда болот», — деген Песков.
Ал эми компания мурдагыдай эле «компромисске келбеген позициясын» сактап, мыйзам талаптарын аткарбаса, анда мессенжердин ишин калыбына келтирүүгө «мүмкүнчүлүк жок» экенин кошумчалаган.
10-февралда Роскомнадзор билдирүү жасап, Telegram Орусиянын мыйзамдарын аткарбай, жарандардын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрбөй жатканын айткан. Ушуга байланыштуу бийлик органдарынын чечими менен ырааттуу чектөөлөр улантылары белгиленген.
2025-жылдын август айында Орусияда Telegram жана WhatsApp аркылуу чалууларга чектөө киргизилген. WhatsApp муну байкоо жүргүзүү максатындагы бөгөт деп айыптаган. Жыл соңунда Роскомнадзор мессенжер мыйзам талаптарын аткарбаса, аны Орусия аймагында толук бөгөттөй турганын эскерткен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


