Ошто 7 жаштагы бала сууга чөгүп кетип каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Орке айылындагы каналга 7 жаштагы бала чөгүп кетип, каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
 
Алдын ала маалыматка караганда, 7 жаштагы баланын денеси каналда агып бараткан жерден Орке айылынын тургундары суудан чыгарып алган.
 
Бул окуяны Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, каза болгон бала 2018-жылы туулганын, ата-энеси Бишкектен көчүп келип, Ошто убактылуу жашап жатканын билдирди.
 
«6-март күнү болжол менен кечки саат 18:00дө Орке айылындагы каналда жаш баланын агып баратканын көрүп, жергиликтүү тургундар аны тартып алган. Бала 2018-жылы туулган. Ата-энеси Бишкек шаарынан көчүп келген. Орке айылында убактылуу жашап жүргүн. Аталган баланын чөнтөгүндөгү буюмдары каналга түшүп кетип, аны алам деп каналга түшүп кеткени боюнча видео далилдер бар.Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, денесин алып кетишкен»,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз