Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Дамирбек Осмонов боюнча эмнелер белгилүү?

Дамирбек Осмонов Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматта 2025-жылдын декабрынан бери иштеп келген Каныбек Досмамбетовду алмаштырды.

Дамирбек Осмонов 1982-жылдын 12-январында Ош шаарында төрөлгөн.

1999–2005-жылдары мамлекеттик программа аркылуу Hacettepe University университетинин медицина факультетинде билим алган.

2006-жылдын апрелинен 2012-жылдын апрелине чейин Стамбул шаарындагы Siyami Ersek Training and Research Hospital көкүрөк жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий-изилдөө борборунда резидентурадан өткөн.

2012-жылдын апрель–ноябрь айларында Стамбулдагы Taksim German Hospital ооруканасынын кардиология бөлүмүндө иштеген.

2012-жылдын ноябрынан 2015-жылга чейин Алматы шаарындагы «Сема» клиникасынын кардиология бөлүмүн жетектеген.

2016-жылдын март айынан тарта кардиолог, функционалдык диагностика дарыгери, интервенциялык кардиолог, инвазивдик аритмолог жана «БИКАРД» клиникасынын башкы дарыгери болуп эмгектенген.

Ал European Society of Cardiology (FESC), European Heart Rhythm Association (EHRA) жана American College of Cardiology уюмдарынын мүчөсү.

Ошондой эле World Research Journal of Cardiology эл аралык журналынын башкы редактору, Asfendiyarov Kazakh National Medical University университетинин визитинг-профессору болуп саналат.

Ал буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү да болгон.

2022-жылдын декабрында Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык «Данк» медалы менен сыйланган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз