«Мен сүйлөшүүгө макул болдум». Трамп Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп The Atlantic басылмасына берген маегинде Ирандын жаңы жетекчилиги андан сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну өтүнгөнүн билдирди.

«Алар сүйлөшүүнү каалап жатышат, мен макул болдум. Ошондуктан алар менен сүйлөшөм. Муну мурда эле жасашы керек болчу. Бул өтө жөнөкөй жана ишке ашырууга жеңил нерсе болчу. Алар өтө көп күтүп жиберишти», — деди Трамп.

АКШ президенти сүйлөшүүлөр качан өтүшү мүмкүн деген суроого так жооп берген жок. «Бул адамдардын көбү кетишти. Биз мурда иш алып барган айрым адамдар да жок, анткени бул чоң сокку болду. Муну мурда эле жасашы керек болчу, Майкл. Алар келишим түзө алышмак. Бирок өтө эле айлакерлик кылышты», — деп билдирди ал.

CNBC телеканалына берген маегинде Трамп АКШнын Ирандагы операциясы «пландан да ылдамыраак» жүрүп жатканын айтты. «Азыр окуялар абдан оң нукта өнүгүп жатат», — деди ал.

Ал эми Fox News телеканалына берген интервьюсунда Трамп АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш баштабаганда, «алар эки жуманын ичинде эле өзөктүк куралга ээ болмок» деп билдирген. «Андан кийин баары кеч болуп калмак», — деп кошумчалады ал.

АКШ жана Израиль 28-февралда Иранга каршы согуш баштаганга чейин Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. АКШ Ирандан өзөктүк курал иштеп чыгуудан баш тартууну талап кылган.

Израиль менен АКШнын соккусунун натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза тапкан

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз