Айпери Медет кызы рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды
Айпери Медет кызы Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль жеңип алды.
Ал 28-февралда 76 кг салмак категориясында күч сынашты.
Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда казакстандык Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Андан соң ал болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0, түрк балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, финалга чыкты.
Финалдык кармашта Медет кызынын атаандашы Эквадордун учурдагы дүйнө чемпиону Генесис Реаско Валдез болду. Эки спортчу 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешкен. Анда эквадорлук балбан жеңишке жетип, алтын медаль уткан.
Бул ирет Айпери Медет кызы реванш алып, Албаниядагы рейтингдик турнирдин финалында жеңишке жетип, алтын медалдын ээси болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


