Жер амнистиясындагы коррупция: Шектүүлөр кармалды, алардын арасында Аламүдүн районунун мурдагы акими да бар
Жер амнистиясына байланышкан коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалганын 5-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө версиясына ылайык, 2023-жылдын 10-майында Аламүдүн райондук жер амнистиясы боюнча комиссиясы Достук айыл аймагынын №1352–1354 контурларындагы турак жайларды жер амнистиясынын объекттери катары тааныган. Ошонун негизинде май айынан август айына чейин бир катар жарандарга тиешелүү токтомдор чыгарылган. УКМК билдиргендей, бул чечимдер мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча каттоого алынган.
Атайын кызмат бул кылмышка төмөнкү адамдардын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган:
• О.Т. — 2023-жылы жер амнистиясын жүргүзүү боюнча райондук комиссияны жетектеген;
• Н.К. — ошол учурда Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы болгон - Н.С.
3-мартта шектүүлөр УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди.
Тергөө иштеринин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.
Н.К. деген баш тамгаларга Көлбаев Найзабек Асанбекович туура келет. Ал 2009-жылдан 2024-жылга чейин Аламүдүн айыл өкмөтүн жетектеп, бул аралыкта бир нече жолу кайра шайланган.
Ал эми О.Т. — Тайтелиев Өмүрбек Аширбекович. Ал 2023-жылдан 2025-жылга чейин Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


