Айыл чарбасындагы «жашыл» технологиялар
Кыргызстандын аймактарындагы чарбалар үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз пайдалануу же күйүүчү май ташуу дайым эле оңойго турбайт. Мындан тышкары, сугат суунун тартыштыгы да жылдан-жылга көптөгөн дыйкандардын ишин оорлотуп, чоң түйшүк жаратууда.
Учурда аймактарда күн насосторун, электр тосмолорун, тамчылатып сугаруу тутумдарын жана күнгө кургаткычтарды ишке киргизүү фермерлердин ишин жеңилдетип, энергетикалык көз карандысыздыкка жол ачууда. Мындай заманбап чечимдер айыл чарбасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн гана арттырбастан, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга да шарт түзөт.
ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЭМГЕКТИ ЖАНА ЧЫГЫМДАРДЫ АЗАЙТАТ
Төрт жыл мурун отургузган жаш көчөттөрү бүгүн мөмөлүү бакка айланып, багбан Жумакмат Абдылдаев тамчылатып сугаруу боюнча өз тажрыйбасын башкалар менен бөлүшө баштады. Адырлуу талаага алгач бак тигип баштаганда, ал суу сактоочу кампа даярдап, түтүктөрдү сатып келип орнотуу үчүн бир топ чыгым жумшаган.
«Биздин аймакта дайым агып турган сугат суу жок. Аптасына эки жолу колонкадан суу берилет, ошону суу кампага камдап алабыз. Башында шаймандары кымбатка түшүп, чыгымы көп болду. Кудай буюрса, эми бак түшүмгө кирип, киреше бере баштады», — дейт Жумакмат аксакал.
Суу тартыштыгы сезиле баштагандан бери фермерлер тамчылатып сугаруу технологиясын жигердүү колдонууга өтүштү. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө системанын айрым тетиктери Түркия, Иран, Италия жана Израилден келет. Ошол эле учурда магистралдык жана микротүтүктөр Кыргызстандын өзүндө да өндүрүлө баштаганы экономикалык жактан абдан пайдалуу болууда.
Тамчылатып сугаруу боюнча адис Насыр Канатбеков суунун тартыштыгы күчөгөндөн бери фермерлер жерди туура иштетүүнү, жаңы бак-дарактарды жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнү үйрөнө баштаганын белгилейт. Мисалы, малина жана бүлдүркөн сыяктуу өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу тутумусуз өстүрүү дээрлик мүмкүн эмес.
Быйыл да Айыл чарба министрлиги суу тартыштыгы болушу мүмкүндүгүн эскертүүдө. Мындай шартта тамчылатып сугаруу системасынын негизги артыкчылыгы — сууну болушунча үнөмдөө болуп саналат.
«Бул тутум эмгек чыгымдарын да бир топ азайтат. Мурда бир гектар жерди эки күн бою сугарууга туура келсе, азыр бир адам бул жумушту 2–3 сааттын ичинде эле бүтүрүп коё алат. Бул жумушчу күчүн үнөмдөөгө чоң көмөк берет», — деп түшүндүрдү Н.Канатбеков.
Айыл-чарба кооперативинин жетекчиси Мамазакир Каримов тамчылатып сугарууда жер семирткич түздөн-түз өсүмдүктүн тамырына жетип, бул үнөмдүү жана натыйжалуу болот дейт.
«Мисалы, 1 гектар жерге 700 кило азот иштетиле турган болсо, тамчылатып сугарууда 50 кило азотту тамырдын өзүнө жеткирип берүүгө болот. Дыйкандын каражаты үнөмдөлөт. Суу тартыш жерде сууга да үнөм болот. Эгер 10 сотых жерди арык аркылуу 10 тонна суу менен сугарууга туура келсе, тамчылатып сугарууда ошол жерди 1 тонна суу менен кеңири сугарса болот»,- дейт М.Каримов.
КҮНГӨ КУРГАТУУ: САПАТ ЖАНА КИРЕШЕ
Мөмө-жемишти күн энергиясы менен кургатуу — түшүмдүн коромжу болушун алдын алып, анын баасын жогорулатууга мүмкүндүк берген заманбап технология. Мындай кургаткычтарда өрүк, жүзүм, курма, кара өрүк, алма, шабдалы сыяктуу мөмөлөрдү, ошондой эле жашылчаларды жана дары чөптөрдү жогорку сапатта кургатууга болот.
Ачык жерге жайып кургатканга караганда, күн кургаткычында азыктар алда канча тез жана коопсуз даярдалат. Жабык конструкциянын ичинде азыктарга чаң түшпөйт, курт-кумурска аралабайт жана жаан-чачындан корголот. Натыйжада кургатылган азыктын табигый түсү, даамы жана пайдалуулугу толук сакталып калат.
«Негизинен, бизде, өрүк, кара өрүк кургатабыз. Мурда тамбашыга жайып кургатканда канаттуулардан коруп, жамгыр жааганда далдоолоп, түйшүктүү болчу. Көк басып кетпесин деп козгоп турчубуз. Эми күнгө кургаткычта тез кургап, даяр болгонун ошол сезон эле сатыкка чыгарып баштадык»,- дейт жеке ишкер Буниса Жакыпова.
Статистикага таянсак, фермерлер мөмө-жемиш жана жашылча түшүмүн жыйноо жана сактоо учурунда орто эсеп менен 25–30% жоготууга учурашат. Мунун негизги себептери — мөмөлөрдүн бышуу мөөнөтүнүн кыскалыгы жана өстүрүлгөн жерге жакын аймактарда кайра иштетүү тутумдарынын жоктугу.
«Кургатуу ылдамдыгы аба ырайына, азыктын түрүнө жана анын кандай тууралганына жараша болот. Бирок ачык абада кургатканга караганда, күн кургаткычында азыктар 2–3 эсе тез кургайт. Мисалы, тууралган алма же алмурут адатта 1,5–2,5 күндө, помидор жана башка жашылчалар 2–3 күндө, ал эми көк чөптөр болгону 1 күндүн ичинде даяр болот. Бул продукциянын бузулуу коркунучун жана түшүмдүн коромжу болушун кыйла азайтат», — дейт эксперт Имаш Азарбаев.
Адистин айтымында, күнгө кургаткыч татаал тейлөөнү талап кылбайт. Негизги чыгымдар аны жасоого жана орнотууга гана жумшалат, андан кийинки иштетүү чыгымдары минималдуу. Конструкциясы жөнөкөй болгондуктан, көпчүлүк тетиктерин колдо жасап, керек болсо оңдоп алууга болот. Бул кургаткыч түшүмдүн ашыкчасын кайра иштетүүнү, сактоо мөөнөтүн узартууну жана кургатылган азыктарды сатуу аркылуу кошумча киреше алууну каалаган фермерлер үчүн өтө ыңгайлуу.
КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ИШТӨӨЧҮ НАСОС
Кыргызстанда сугат сууну жакын жердеги булактан сордуруп алуу керек болгон учурларда, күндөн кубат алган суу насостору салттуу электр жана дизель насосторуна караганда натыйжалуу альтернатива болууда.
Адистердин айтымында, күн насосу күндүн тийишине жараша ар кандай кубаттуулукта иштейт. Анын өндүрүмдүүлүгү жыл мезгилине жана аба ырайына жараша өзгөрүп турат: эртең менен азыраак суу берсе, түшкө маал максималдуу кубаттуулукка чыгып, кечке жуук кайра төмөндөйт. Жайында, өсүмдүктөр сууга көбүрөөк муктаж болгон мезгилде, күн насосу эң жогорку натыйжалуулук менен иштеп, эгинди керектүү көлөмдөгү суу менен камсыз кыла алат.
«Кээ бир өсүмдүктөр үчүн суу топтоочу резервуар орнотуу талап кылынат. Бул күн насосунун сууну эң көп саат 10:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта бергендигине байланыштуу. Эгерде өсүмдүктөрдү так белгиленген убакытта же түнкүсүн сугаруу керек болсо, резервуар сууну топтоп алып, керектүү учурда колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — дейт адис Алексей Гениевский.
Күн насос тутумуна баштапкы инвестиция салттуу насосторго караганда жогору болушу мүмкүн. Бирок иштетүү жана тейлөө чыгымдарынын аздыгы аларды алыскы аймактарда ыңгайлуу жана ишенимдүү чечимге айлантат. Экономикалык көз караштан алганда, күн насостору фермерлер үчүн узак мөөнөттүү келечекте каражатты олуттуу үнөмдөөнү камсыз кылат.
«Резервуарсыз насостордун өзүн-өзү актоо мөөнөтү болжол менен 2 жылды түзөт. Ал эми суу топтоочу кампа колдонуу зарылдыгы болсо, бул мөөнөт 4–5 жылга чейин созулат», — деп кошумчалады А.Гениевский.
ЭЛЕКТР ТОСКУЧ — ЗАМАНБАП ЧЕЧИМ
Кыргызстанда мал чарбачылыгы менен дыйканчылык катар өнүгүп келет. Эксперт Адыл Сыдыковдун айтымында, бул эки тармак бири-бирине тоскоол болбошу жана эгинди мал тепсөөдөн улам чыр-чатактар чыкпашы үчүн талааларды жана бактарды тосуу зарыл.
Адистин белгилешинче, кадимки зым тордуу тосмолор жаныбарлар кулатып кетпеши үчүн бийик жана мамылары бири-бирине жакын, бекем орнотулушу шарт. Ал эми күн энергиясы менен иштөөчү электр тосмолорунун түзүлүшү таптакыр башкача: алар жаныбарларды физикалык түрдө токтотпостон, электр импульсу аркылуу үркүтүп, жакындатпайт.
Электр тосмосу жаныбарлар үчүн да, адамдар (анын ичинде жаш балдар) үчүн да коопсуз. Мындай технологиялар Европада, Австралияда жана АКШда кеңири колдонулуп, эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык иштейт. Ошентсе да, коопсуздук чарасы катары балдарга мындай тосмого жакындабоо керектигин түшүндүрүү зарыл.
«Ал эми жылкыларды чочутуп албоо үчүн, тосмонун тегерегине коңгуроолорду илип коюу сунушталат. Коңгуроо жылкыларга алдыда тоскоолдук бар экенин эскертип турат. Мындай учурда жылкылар этияттык менен жылып, мурдуна жеңил ток тийгенде, экинчи ирет жакындабоону тез эле үйрөнүшөт», — дейт Адыл Сыдыков.
Электр тоскучтарды бал челектерди жапайы жаныбарлардан коргоо үчүн да пайдаланса болот. Ошондой эле малды бөлүп багууга: кулундарды жана бээлерди өзүнчө жайгаштырууга шарт түзөт. Мындан тышкары, бул технология тоок чарбаларын түлкү, каман жана башка жырткычтардан коргоодо да натыйжалуу.
Күн энергиясы менен иштөөчү электр тосмолору кадимки тосмолорго караганда кыйла арзан түшөт. Адистердин эсеби боюнча, тосмонун узундугу 250 метрден ашканда эле ал экономикалык жактан пайда бере баштайт. Ал эми аралык 1 чакырымдан ашса, мындай тутум кадимки зым тосмолорго караганда дээрлик 50%га арзанга турат.
Энергияны үнөмдөөчү технологиялар климаттык кыйынчылыктар учурунда чарбанын туруктуулугун сактап калат. Алар чарбакерлердин жумушун жеңилдетип, кирешесин арттырат. Бул чечимдер өлкөнүн айыл чарбасын атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга шарт түзөт.
Бул технологиялар Кыргызстанда Кайра жаралуучу энергия булактары жана энергия натыйжалуулугу борбору тарабынан Тажикстандагы Герман агроакциясы (Welthungerhilfe e.V.) менен өнөктөштүктө жайылтылууда. Долбоор Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган Чакан гранттар жана климаттык инновациялар фондунун (SGCIF) колдоосу менен жүрүп жатат. SGCIF фонду Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу» регионалдык программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Автор: Гүлзат Газиева.
Сүрөт: Creeedcenter.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


