Милларддерлердин саны боюнча Кытай АКШны арта калтырды
Global Rich List 2026 рейтингинин жаңыртылган жыйынтыгына ылайык, доллардык миллиардерлердин саны боюнча биринчи орунга Кытай чыкты. Бул тууралуу кытайлык изилдөө уюму Hurun Research Institute («Хужунь») өз баяндамасында билдирди. Кытай ушундайча АКШны артта калтырды, деп жазат "CentralAsia"басылмасы.
Маалыматка ылайык, январь айына карата тизмеге 726 жаңы адам кошулган. Алардын 318и Кытайдын жарандары.
«Хужунь» уюмунун билдиришинче, дүйнөдө доллардык миллиардерлердин жалпы саны алгачкы жолу 4 миңден ашып, 4020 адамга жетти.
Өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөр:
• Кытай – 1110 миллиардер (бир жылда +287)
• АКШ – 1000 миллиардер (+130)
• Индия – 308 миллиардер (+24)
Андан кийинки орундарда Германия, Улуу Британия жана Швейцария турат.
Орусия рейтингде 7-орунду ээледи. Ал жерде 105 миллиардер бар (+10).
Алдыңкы ондукка ошондой эле Австралия, Сингапур жана Канада кирген.
Дүйнөдөгү эң бай адам катары Илон Маск алтынчы жыл катары менен биринчи орунду сактап калды. Анын байлыгы 792 миллиард долларга бааланган.
Баяндамада миллиардерлерге таандык компаниялардын ичинен 114ү жасалма интеллект тармагында иш алып барары айтылат. Алардын 46сы тизмеге биринчи жолу кирген. Уюмдун баамында, азыр жасалма интеллект жаңы миллиардерлерди жаратуунун эң ири булагына айланып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



