АКШнын Иранга жасаган операциясына күнүнө канча акча коротулат?

АКШнын Epic Fury («Эпикалык каар» - ред.) операциясынын чыгымы Вашингтон үчүн  күнүнө болжол менен 900 млн долларды түзөт. Бул тууралуу АКШнын Center for Strategic and International Studies (CSIS) изилдөөлөрүндө айтылганын РБК-Украина кабарлады.

Аналитиктердин баамында, операциянын алгачкы 100 саатынын чыгымы болжол менен 3,7 млрд доллар болгон, бул күнүнө орточо эсеп менен 891 млн доллар түзөт дегенди билдирет. Бул чыгымдын көпчүлүгү АКШнын аскердик бюджетинде каралбай калган — болжол менен 3,5 млрд доллар.

Кабарда белгиленгендей, операциянын чыгымына Конгресстин мүчөлөрү, Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук кызыгышууда, бирок мурда ар кандай баалоолор айтылып келген.

CSIS эксперттеринин пикири боюнча, чыгымдар АКШ аскерлери арзаныраак ок-дары колдонсо жана Иран тараптан чабуулдардын интенсивдүүлүгү азайса, азайышы мүмкүн. Ал эми операциянын кийинки чыгымы согуш масштабдарына жана Ирандын жооп чараларынын эффективдүүлүгүнө жараша болот.

Epic Fury операциясы 28-февралда башталган, ал учурда АКШ Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз