Кыргыз футболчулары чет өлкөлүк лигаларда дебют жасашты

Сүрөт: "Кыргызфутбол" инстаграм баракчасы

Кыргыз футболчудары кышкы трансфердик терезе учурунда келишимге кол койгон клубдары үчүн дебюттук оюндарын өткөрүштү.

Гүлжигит Алыкулов Орусиянын "Торпедо" клубу үчүн дебют жасап, "Уфа" клубуна каршы оюнда 78-мүнөттө чыгып, оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.

"Абдыш-Ата" клубунан Белоруссиянын "Неман" клубуна өткөн Амантур Шамурзаев командасы менен Белоруссиянын Кубогунун жарым финалына жолдомо алды. "Неман" эки оюндан турган беттеште 1:0 эсебинде жеңген. Шамурзаев эки оюнда тең толук курамда өткөргөн.

Бекназ Алмазбеков да "Рух" клубунун катарында Украинанын жогорку лигасында дебют жасады. Алмазбеков "Ингульц" клубуна каршы оюнда 75-мүнөттө оюнга чыгып, бир натыйжалуу пас чыгарууга жетишкен. 


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз