АКШ Венесуэладан 100 млн долларлык алтын алды
АКШ Венесуэладан 100 миллион долларлык алтын алды. Бул тууралуу АКШнын ички иштер министри Дуглас Бергам билдирди.
Мындан мурда Axios порталы Вашингтон Венесуэланын жетекчилиги менен алтын куймалары түрүндө 1 тоннага чейин алтын жеткирүү боюнча келишимге жетишкенин жазган.
7-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп «Shield of America Summit» саммитинде сүйлөп жатып, АКШ Венесуэладагы жаңы өкмөттү расмий түрдө тааныганын билдирди. Бул өкмөттү өлкөнүн милдетин аткаруучу президенти Делси Родригес жетектеп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


