УКМК Максим Бакиевдин Бишкекке келгендиги тууралуу маалыматты четке какты

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (ГКНБ) социалдык тармактарда тараган «Максим Бакиев Бишкекке учуп келди» деген маалымат чындыкка дал келбесин "Кактус" басылмасына билдирди.
«Максим Бакиев Кыргызстанда соттолгон, анын өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген. Эгер ал чындап эле Бишкекке келген болсо, дароо камакка алынмак», – деп билдиришти УКМКдан. Ошондой эле атайын кызмат өкүлдөрү аны коштоп жүргөнү тууралуу маалымат дагы жалган экенин белгилешти.
 
Буга чейин журналист Болот Темиров Максим Бакиев Бишкекке келгенин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган.
 
Максим Бакиев — мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу. Ал Кыргызстанда Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигин (ЦАРИИ) жетектеген. 2010-жылы атасынын бийлиги кулатылгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жана Улуу Британиядан саясий башпаанек алган. 2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту аны британ бизнесмени Шон Дейлини өлтүрүүгө аракет кылган деп айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз