Бакыт Төрөбаев Ош менен Кара-Сууда эттин баасы 700 сомго чейин жогорулап, алар төмөндөткөнүн айтты
Азык-түлүк секторунда таңкыстык жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Торобаев билдирди, деп жазат "АКИпресс".
"Баалар – бул тирүү организм. Бир мезгилде өсөт, башка мезгилде төмөндөйт. Биз бааларды көзөмөлдөп жатабыз. Ар бир райондо, шаарда жарманкелер уюштурулууда. Эгер кандайдыр бир көйгөй жаралса, Материалдык резервдер фондунда бардык азык-түлүк боюнча запастар бар", – деди ал.
Анын айтымында, азык-түлүк тармагы базар экономикасынын бааларына жараша иш алып барат.
"Эң негизгиси – бул жеке сектор, алар базарга карап баа коюшат. Эгер өзгөчө кырдаал жаралса, биз бааларды жөнгө салууга аралаша алабыз. Мисалы, Ошто эттин баасы 700 сомго чейин көтөрүлгөндө, биз кийлигишип, 630 сомго чейин түшүрдүк. Ушундай эле кырдаал Кара-Сууда жана Жалал-Абадда да болду, биз кийлигишип, бааларды 630 сомго чейин төмөндөттүк", – деди ал.
Буга чейин бир катар аймактарда эттин баасы жогорулап, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү бийлик менен биргеликте базардагы бааларды төмөндөткөн болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.