Президент өз фондунан ар бир дарыгер менен медайымга ай сайын 15 миң сомдон бөлүп берет, - Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 100% га жогорулатылат. Мындан тышкары, президент өзүнүн фондунан ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын 15 миң сомдон кошумча каражат бөлүп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев депутаттык "Ишеним" жана "Ала-Тоо" топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул чара аркылуу медицина кызматкерлеринин айлык акысына байланышкан маселе чечилип жатат.
Мамадалиев ошондой эле аймактарда дарыгерлер үчүн берилүүчү депозиттин көлөмү бир квартал үчүн 66 миң сомду түзөрүн айтты. Ал эми 2024-жылга чейин бул сумма кварталына 43 миң 33 сом болгон.
Анын маалыматына караганда, учурда дарыгердин депозитин 500гө жакын адис алып жатат. Бирок келечекте алардын санын 7 миң адамга чейин көбөйтүү пландалууда. Анын айтымында, бул аймактарга медицина кызматкерлерин тартууга кошумча стимул болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


