Саламаттык сактоо министрлиги «дарыгердин депозити» программасындагы курактык чектөөнү жоюуну пландоодо

Саламаттык сактоо министрлигинде «Дарыгердин депозити» программасына катышуучулар үчүн коюлган жаш курак боюнча чектөөнү алып салуу пландалууда. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев депутаттык "Ишеним" жана "Ала-Тоо" топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда программага болжол менен 487 дарыгер катышууда. Жалпы катышуучулардын санын 500гө чейин жеткирүү пландалууда. Ошондой эле министрлик программаны кеңейтүү боюнча сунуш берип, катышуучулардын санын 2 миңге чейин көбөйтүүнү сунуштаган. Бул чечим жыл аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн экени күтүлүүдө.

Министрдин орун басары белгилегендей, программа башында шаар тибиндеги кыштактарда, чакан шаарларда жана алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо үчүн түзүлгөн. Учурда аны дээрлик өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бирок программага Бишкек шаары киргизилбейт.

Ошондой эле министрлик программага катышуу үчүн коюлган 35 жашка чейинки чектөөнү алып салууну көздөп жатат.

«Азыр аймактарга иштөөгө жаш адистер гана эмес, тажрыйбалуу, улуу курактагы дарыгерлер да барып иштеп жатышат. Бирок азыркы эрежелер боюнча алар жаш курак талаптарына туура келбей калууда. Ошондуктан бул чектөөнү алып салууну сунуштап жатабыз», — деди ал.

Анын сөзүнө караганда, программа биринчи кезекте алыскы аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуга багытталган. Бишкек шаары бул программага кошулбайт, анткени борбор калаада дарыгерлердин тартыштыгы жок.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз