КӨЭАУнун студенттери республикалык «Студенттик стартап» сынагында жеңишке жетишти
Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган “Студенттик стартап” пилоттук программасынын алкагындагы республикалык конкурста ийгилик жаратышты.
Аталган конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №128 токтомуна ылайык жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо, жогорку окуу жайларда бизнес-идеяларды өнүктүрүү жана инновациялык долбоорлорду ишке киргизүү максатында өткөрүлгөн.
Жеңишке жеткен стартаптардын катарында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин төмөнкү студенттик долбоорлору жеңишке ээ болду:
“Аутизм жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана эмоционалдык таанып-билүүсүн өнүктүрүү борбору” – 450 000 сом;
“Санарип Ош" ("Digital Osh”) долбоору – 1 000 000 сом;
Балдар үчүн улуттук баалуулуктарды, тарых, маданиятты тааныткан “Kids Web Kyrgyzstan” билим берүүчү веб-сайт/платформасы – 430 000 сом.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да катышып, стартаптардын ишке ашырылышы аймактагы социалдык жана санариптик өнүгүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
"Биздин команданын жеңиши - студенттерибиздин чыгармачыл ой-жүгүртүүсүнүн жана ишкердик демилгелеринин жогорку деңгээлде экенин далилдеп турат. Буюрса, бул стартаптар аркылуу аймактагы айрым көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", - деди ректор А.Мамасыдыков.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-майынан 12-августуна чейин кабыл алынган өтүнмөлөрдүн негизинде өлкө боюнча ЖОЖдордон 42 долбоор сунушталып, эксперттик комиссиянын чечими менен 10 стартап-долбоор жеңүүчү деп табылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


