Шыкмаматов: Сатуудан түшкөн салыктын жарымын Ошко калтыруу идеасы дагы деле актуалдуу

НСПни децентрализациялоо идеасы азыр да актуалдуу бул тууралуу Салыз кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 17-март күнү Ош шаарында ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе бүгүн да актуалдуу боюнча турат. Ал ишке ашүү үчүн шаардык мэрия өзүнүн жарлыгын даярдаш керек.

«Ал маселе бүгүнкү күндө да актуалдуу. Бул пилоттук долбоор боюнча өткөндө Жанар менен да сүйлөштүм. НСПнин 50 пайызын жергиликтүү бюджетке берүү боюнча дискуссияны баштайлы дегенбиз. Мындай болсо шаардык бийлик да салык чогултууга кызыкдар болуп калат. 

Бул маселе боюнча мэрия жарлыктарын даярдаш керек эле. Даярдаган жок. Мен эми бирөөгө таш ыргыткым келбейт. Эми Жанар мырза да жарлыгын даярдап алып келсин, мен «туптуура» деп кол коюп берем», - деди ал.

2025-жылдын 28-августунда Алмамбет Шыкмаматов жаңы «Ош» базарына барып, андагы абал менен таанышкан учурда Ош шаарынын ошондогу мэри Жеңишбек Токторбаевге сатуудан салыктын жарымын Ош шаарында калтыруу сунушун берген. Ал учурда Ош шаарында НСПден 2 млн 163 млн, НДСтен 2 млн 162 млн акча чогулары маалым болгон. Шыкмаматов НСП менен НДСтин чогулган акчалардын жарымы 2 млрд сом болорун, ал Ош шаарынын өнүгүүсүнө жумшалса жакшы болорун белгилеген болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз