«Кыргызнефтегаз» ААКдагы коррупция боюнча 4 шектүү кармалды
Коррупция боюнча Кыргызнефтегаз ишине байланыштуу шектүүлөр кармалганын 18-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы «Өз кишилер үчүн мунай: Кыргызнефтегаз кантип талкаланды» аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда компаниянын айрым кызмат адамдарынын мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтылган. Материалга ылайык, ортомчулар жана чийки затты эсептен чыгаруу схемалары аркылуу компания 4 млрд сомдон ашуун чыгымга учурашы мүмкүн экени белгиленген. 2021–2025-жылдардагы операцияларды талдоо жеке түзүмдөрдүн пайдасына кирешени чыгаруунун 3 схемасын аныктаган. Бул түзүмдөр мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айланасына байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылган.
Кармалгандар:
• «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Н.Н. (1983-жылы туулган);
• ошол эле компаниянын башкармалыгынын мурдагы төрагасынын орун басары жана байланышкан компаниялардын биринин директору А.Р. (1980-жылы туулган);
• байланышкан компаниялардын биринин директору А.Н. (1988-жылы туулган);
• байланышкан компаниянын мурдагы директору М.Б. (1990-жылы туулган).
Алар убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


