Армениянын премьер-министри метродо аял менен Карабах маселеси боюнча уруша кетти
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван метросунда жүргүнчү аял менен талашып-тартышып кетти. Аял аны Тоолуу Карабахты Азербайжанга «берип жиберди» деп айыптаган.
Күбөлөрдүн айтымында, сүйлөшүү аял Пашинянды Карабахты жоготту деп күнөөлөгөндөн башталган. Премьер-министр болсо жооп иретинде Армения өкмөтү адамдар Карабахта жашап калышы үчүн «миллиарддаган каражат жумшаганын» айтып, андан эмне үчүн өзү ал жакта калбаганын сураган.
«Биз силер Карабахта жашашыңар үчүн баарын жасадык. 2023-жылы дал өзүңөр мени адамдар Карабахтан Арменияга чыгып кетпеши үчүн чек араларды жапты деп айыптагансыңар. Азыр болсо бул жакка келип алып: “ой, кайра кайткыбыз келет” деп жатасыңар», — деп Пашиняндын сөзүн News.am келтирет.
Аял премьер-министрден үнүн көтөрбөөнү жана манжасы менен коркутпоону суранган. Пашинян болсо: «Мен катуураак сүйлөйм, болгон окуя үчүн мени күнөөлөбөгүлө», — деп жооп берген. Ошондой эле ал сүйлөшүп жаткан адамдан колундагы Армениянын картасы тууралуу «мындай жек көрүү менен сүйлөбөөнү» өтүнгөн.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин Пашинян аялдан кечирим сураган. Ал өзүнүн Telegram каналында видео жарыялап, Карабах темасында эмоциясын кармай албай калганын айтып, муну чоң кемчилик деп атаган.
«Карабахтан келген аялдан жана анын баласынан кечирим сурайм жана жаңы жолугушууга чакырам», — деп жазган ал.
Кийинчерээк Пашинянга аялдын аты-жөнү Армине Мосиян экени айтылган соң, ага аты менен кайрылып, кайра жолугуп, тынч сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болоруна үмүт билдирген.
«Бул сүйлөшүү болгусун каалайт элем. Билем, сиз баш тартып, артынан бир-эки катуу сөз айтасыз. Мен муну момундук менен кабыл алам. Бирок эгер качандыр бир убакта камера же телефон аркылуу эмоциясыз, тынч сүйлөшөлү десеңиз, билип коюңуз — мен даярмын», — деген ал.
Армения 2023-жылдын сентябрында Азербайжандын аскердик операциясынан кийин Тоолуу Карабахтагы көзөмөлүн жоготкон. 100 миңден ашуун армяндар Карабахтан чыгып кетишкен, ал эми таанылбаган республика 2024-жылдын 1-январынан тартып расмий түрдө ишин токтоткон. Кийин тараптар тынчтык келишиминин текстин макулдашкан, бирок кол коюунун алдында Азербайжан Армениянын конституциясына өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


