Кайгуул учурунда милиция кол салууга камынып жаткан жарандарды кармашты

Чүй облусунда кол салууга даярданган деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу 24-мартта облустук ички иштер башкармалыгынын (ГУВД) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февралда милиция кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдик топ айланма жолдо күзөт жүргүзүп жүргөн учурда, түнкү саат 23:00 чамасында Кемин районунун аймагынан бир топ адамды байкашкан. Патрулдук унааны көргөндө алардын айрымдары качууга аракет кылышкан, бирок кармалып калган.

Ысык-Ата районунун тургундарынын айтымында, ошол күнү алар жаш жигиттер менен алтын буюмдарды сатып алуу максатында жолугушууну макулдашкан. Бирок жолугушуу учурунда алар тапанча менен коркутуп, акча талап кыла баштаган.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар каракчылык менен кол салууну алдын ала пландаштырганы аныкталган. Алар зер буюмдарды сатабыз деген шылтоо менен жабырлануучуларды айланма жолго чакырып, алдын ала Макаров тапанчасы менен куралданышкан.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 36-207-беренеси («Каракчылыкка даярдануу») менен катталып, шектүү катары 2001-жылы туулган Д.А., 1998-жылы туулган Ж.А. жана 1997-жылы туулган Д.К. кармалган. Сот алардын баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз