12 млн сомдук БАДды чек арадан жашырып өтүүгө аракет кылышкан адамдардын тобу аныкталды
Кыргызстанга биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) мыйзамсыз алып кирүү фактысы токтотулду. Бул тууралуу 24-мартта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Ак-Жол — автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө кол жүгүндө 4400 даана ENYIDA маркасындагы БАДды жашырып өткөзүүгө аракет кылган адамдар тобу аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча товарлардын жалпы наркы 12 миллион сомдон ашат.
Салык кызматы тиешелүү актыларды түзүп, БАДдарды убактылуу алып койду. Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


