"Ак шумкарлар" Экватордук Гвинеяга утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Экваториялык Гвинеянын курамасына утулду.

Жолдоштук беттеш жаңы башкы машыктыруучу — хорватиялык Роберт Просинечки үчүн дебюттук оюн болуп, 25-март күнү Түркиянын Анталия шаарындагы «Мардан» стадионунда өттү.

Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар чабуулду курчураак уюштурганына карабастан, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышкан жок. Арлен Бексулов ыңгайлуу учурдан сокку узатууга жетишпей калды, ал эми Кайрат Жыргалбек уулунун жакын бурчка багытталган соккусун атаандаштын дарбазачысы кайтарды.

38-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Саид Дациев өз айып аянтчасында атаандашына алдырылып, андан соң аны жыгып салган. Калыс пенальти белгилеп, аны жабыркаган оюнчунун өзү ишке ашырды — 1:0.

Экинчи таймда да Кыргызстандын курама командасы чабуулду уланткан, бирок эсепти теңдей алган жок. 65-мүнөттө команданын капитаны Валерий Кичин жакын аралыктан сокку узатып, бирок топ дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.

Жыйынтыгында оюн 1:0 эсебинде африкалык команданын пайдасына аяктады.

28-март күнү Кыргызстан курама командасы Түркияда Мадагаскар курамасына каршы ойнойт.

Жолдоштук беттеш, 25-март
Кыргызстан — Экваториялык Гвинея — 0:1

Гол: Хосе Миранда, пенальтиден (40-мүнөт) — 0:1.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз