Казакстандын батышына учкучсуз учак кулады
Батыш Казакстан облусундагы Карауылтөбө айылынын жанынан жергиликтүү тургундар кулап түшкөн учкучсуз учуучу аппаратты табышты. Бул тууралуу Kazinform агенттиги кабарлап, маалыматты облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы тастыктаган.
Полициянын маалыматына ылайык, тиешелүү кызматтар менен биргеликте Акжайык районунда «учкучсуз учуучу аппараттын сыныктарына окшош буюмдар» табылганы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.
«Аталган объект калктуу конуштан тышкары аймактан табылган. Окуянын бардык жагдайлары такталууда», — деп билдиришти полиция департаментинин басма сөз кызматынан.
Буга чейин, 2025-жылдын февраль–март айларында Батыш Казакстан облусунун бир нече райондорунда жергиликтүү тургундар учкучсуз учуучу аппараттарды таап келишкен. Жалпысынан төрт белгисиз дрон тууралуу маалымат болгон.
18-февралда Бөкейордо районунун Уялы айылынын аймагынан белгисиз дрон табылган. 18-мартта дагы бир дрон Таскала районунда кулап түшкөн. Узундугу 300 см болгон бул объект бүтүн абалда, көрүнгөн зыянсыз табылган. 25–26-март күндөрү Жанибек районунан да дрондун сыныктары табылган.
Ал кезде Казакстандын Коргоо министрлиги Батыш Казакстан облусунун аймагында табылган дрондордун 90 пайыздан ашыгы Орусия Федерациясынын 926-башкы учуу-сыноо борборунун сыноо полигонунун аймагында экенин түшүндүргөн. Бул полигон жана анын үстүндөгү аба мейкиндиги ошол сыноо борбору тарабынан колдонулат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


