Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу эрежелери өзгөртүлүүдө
Министрлер кабинети кесиптик орто жана жогорку билим берүү тармагындагы бир катар чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Токтомго ылайык, министрликтин алдында «Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору» аттуу мамлекеттик ишкана түзүлөт. Анын негизги максаты — чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу процессин тартипке салуу жана ачык-айкын кылуу.
Документте ошондой эле кабыл алуу боюнча жаңы эрежелер киргизилген. Тактап айтканда, орто билимдин негизинде тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн сырттан (заочно) окуу формасы жоюлат. Ошол эле учурда айрым билим берүү программалары, анын ичинде магистратура үчүн дистанциялык жана сырттан окуу мүмкүнчүлүгү сакталат.
Чет өлкөлүк студенттерге коюлган талаптар да такталган — алар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тастыкталган билим берүү документтерин тапшырышы керек.
Мындан тышкары, мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү тартиби өзгөртүлдү. Айрым жоболордо «бюджеттик орундар» деген түшүнүк алынып салынып, каржылоодо гранттык система негизги орунга чыгарылды.
Өзүнчө жоболор президенттик «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө тиешелүү — алар үчүн окууну аяктагандан кийин мамлекеттик түзүмдөрдө милдеттүү түрдө ишке орношуу каралган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


