«Чычкан» постунда ЖКККББнын башчысы унаанын багажнигинен дагы бир жүргүнчүнү тапты
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Чычкан» аттуу пост пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 31-мартта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев барып, Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ишин текшерди. Текшерүү учурунда «Хонда» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын жүк салуучу бөлүгүнөн бир жүргүнчү табылган.
Азенбек Козукеев жолдо коопсуздукту сактоо зарылдыгын эскертип, мындай кооптуу аракеттерге жол бербөөгө чакырды. Ошондой эле ал бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого үндөдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


