Трамп АКШ Иран менен согушту эки-үч жума ичинде бүтүрө алышы мүмкүн деп билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы согушту АКШ эки-үч жуманын ичинде аякташы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу CNN маалымдады.

«Бизде режим алмашты. Режимди алмаштыруу менин пландарыма кирген эмес. Менин бир гана максатым бар эле: аларда өзөктүк курал болбойт жана бул максат аткарылды. Бирок биз ишти жыйынтыктап жатабыз, жана менимче, башталган ишти бүтүрүүгө, балким, эки жума же бир нече күн жетиштүү болот. Биз алардын колунда бар нерсенин баарын жок кылгыбыз келет», — деди Трамп Овалдык кабинетте журналисттерге.

Ошондой эле ал тынчтык келишими түзүлсө, согуш андан да эртерээк аякташы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Алар (Иран бийлиги) келишимге мага караганда көбүрөөк кызыкдар. Бирок кандай болгон күндө да, биз жакын арада баарын жыйынтыктайбыз», — деп белгиледи ал.

Муну менен катар Трамп Ормуз кысыгынын ачылышы башка өлкөлөрдүн маселеси болушу керек экенин айтып, бул маанилүү деңиз жолунун коопсуздугун дал ошол өлкөлөр камсыздашы керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, АКШ бул кысыктын айланасында болуп жаткан окуяларга «эч кандай катышпайт».

Журналисттер «Эпикалык каар» операциясын аяктоо үчүн ийгиликтүү дипломатия зарылбы?» деген суроо узатканда, Трамп муну четке какты.

«Иранга келишим түзүүнүн кереги жок, жок, — деди ал. — Жок, алар мага келишим сунуштоого милдеттүү эмес».

Ошол эле учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) эгер дагы ирандык лидерлер өлтүрүлсө, америкалык технологиялык компанияларга чабуул коюлушу мүмкүн экенин эскертти.

«Максаттарды аныктоо жана көзөмөлдөөдө негизги ролду АКШнын маалымат-коммуникация технологиялары жана жасалма интеллект тармагындагы компаниялары ойнойт. Ошондуктан бул террордук операцияларга жооп катары мындай ишке түздөн-түз катышкан уюмдар биздин мыйзамдуу буталарга айланат», — деп айтылат КСИРдин билдирүүсүндө.

Мындай чабуулдардын мүмкүн болгон буталары катары Apple, Microsoft, Google, Meta, IBM, HP, Intel, Tesla, Boeing жана JP Morgan аталды.

КСИР аймактагы америкалык технологиялык компаниялардын кызматкерлерин «дароо жумуш орундарын таштап кетүүгө», ал эми алардын кеңселеринин жанында жашаган адамдарды коопсуз жайларга көчүүгө чакырды. Алардын билдирүүсүндө, «террордук аракеттерге катышкан компаниялар ар бир өлтүрүүгө жооп катары соккуга дуушар болот» деп белгиленген.

«1-апрель, шаршемби күнү саат 20:00дөн (Тегеран убактысы боюнча) тарта бул компаниялар Ирандагы ар бир өлтүрүүгө жооп катары тиешелүү бөлүмдөрүнүн жок кылынышын күтүшү керек», — деп билдиришти КСИРде.

CNN белгилегендей, АКШ жакынкы эки-үч жума ичинде аскердик кампаниясын аякташы мүмкүн болгону менен, Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кайрадан эркин өтө башташы үчүн кыйла узак убакыт талап кылынат. Мындан тышкары, согуш токтоп, мунайдын баасы түшсө да, май куюучу жайларда бензиндин баасы дароо төмөндөбөйт жана бул стратегиялык маанилүү деңиз жолундагы кеме каттамынын толук калыбына келиши да убакытты талап кылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз