Пашинян Путинге Армения эмне үчүн ЖККУнун ишине катышпай жатканын айтты
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Ереван ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) ишине катышпай жатканын билдирди. Анын айтымында, уюм Тоолуу Карабахтагы кырдаалга эмне үчүн кийлигишпегенин жарандарга түшүндүрүп берүү мүмкүн болбой жатат.
«Биздин ЖККУ менен байланышкан көйгөйлөрдү эч качан жашырган эмеспиз. 2022-жылы конкреттүү кырдаал болгон, менимче, ошол учурда ЖККУнун механизмдери ишке кириши керек эле, бирок иштеген жок. Бул, албетте, биздин ЖККУ менен болгон мамилелерибизге таасир этти. Азыр биз ЖККУнун ишине катышпай жатабыз, анткени азыркыга чейин элибизге, жарандарга эмне үчүн уюм өз милдеттенмелерине карабастан реакция кылбаганын түшүндүрө албай жатабыз», — деди Пашинян.
Өз кезегинде Путин уюмдун кийлигишпегени Еревандын өз позициясына байланыштуу экенин белгиледи.
«2022-жылы Прагада Карабах Азербайжандын курамына кирет деп таанылгандан кийин, бул маселе ички азербайжандык мүнөзгө ээ болуп калды. Ошондуктан ЖККУ тарабынан бул процесске кийлигишүү туура эмес болмок», — деди Путин. Анын айтымында, Карабахты Армениянын бөлүгү катары таануунун «мааниси бар болчу», бирок ал мындай чечимге баа берүүдөн карманды.
Жолугушууда экономикалык мамилелер да талкууланды. Пашинян Армения бир эле учурда Европа Биримдигинин бажы союзу менен Евразиялык экономикалык биримдикте боло албасын түшүнөрүн айтты. Путин эки өлкөнүн экономикалык байланышы жакшы темп менен өнүгүп жатканын жана Орусияда 2 миллиондон ашык армян жашай турганын белгиледи.
2024-жылдын февраль айында Армения ЖККУдагы мүчөлүгүн «тоңдуруп» жатканын жарыялаган. Кийин уюмга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартканын, муну Тоолуу Карабахтагы кырдаалга уюмдун реакциясы болбогону менен түшүндүргөн.
2025-жылдын 1-октябрында Пашинян Армения ЖККУдан иш жүзүндө көз карандысыз болуп калганын билдирип, уюмдун коопсуздук системасын «көбүк» деп атаган.
Ал эми 2025-жылдын 27-ноябрында Путин Армения өзүн ЖККУнун мүчөсү катары эсептей турганын, бирок уюмдун иш-чараларына катышуудан карманып жатканын, ошол эле учурда бардык чечимдерин колдоп жатканын белгилеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


