Ош: «Базар» дирекциясынын жетекчиси кармалды
Ош шаарынын «Базар» дирекциясынын жетекчиси Б.А. кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, ал пара менен кармалганы айтылууда.
Анын кармалганы боюнча маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Б. А. 2025-жылдын ноябрь айында «Базар» дирекциясынын башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал жерди Чыңгыз Шерматов жетектеп турган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


