Трамп Иран менен эки жумалык жарашууга жетишилгенин, Ормуз кысыгы ачыларын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы дароо ачылган шартта Иранга карата бомбалоолорду эки жумага токтоторун билдирди. Бул тууралуу ал Truth социалдык тармагына жазды.
АКШ президенти билдиргендей, убактылуу тынчтык эки тараптуу болот. «Биз Иран тарабынан сунушталган он пункттан турган планды алдык жана аны сүйлөшүүлөр үчүн ылайыктуу негиз деп эсептейбиз», — деп жазды Трамп.
Иран бийлиги да тынчтык келишимине макул болгонун тастыктады. Тегерандын расмий билдирүүсүндө өлкө «улуу жеңишке жетишип, кылмышкер Америкага өзүнүн он пункттан турган планын кабыл алдырууга мажбур кылды», - деп айтылат маалыматта.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өзүнчө билдирүүсүндө эки жуманын ичинде кемелер Ормуз кысыгы аркылуу өтө аларын, бирок бул үчүн Ирандын аскерлери менен аракеттерди макулдашуу керектигин белгиледи. Кийинчерээк Трамп Truth баракчасына ушул билдирүүнүн скриншотун жарыялады.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Иран менен АКШнын түз сүйлөшүүлөрү 10-апрелде Пакистанда башталарын кабарлашты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт мындай мүмкүнчүлүк каралып жатканын ырастап, бирок бул боюнча акыркы расмий маалыматты Трамп өзү берерин белгиледи.
The New York Times басылмасы үч ирандык аткаминерге таянып жазгандай, Тегеран ок атышууну токтотуу сунушуна «Пакистан жүргүзгөн катуу дипломатиялык аракеттерден» жана акыркы учурда Кытайдын «ийкемдүүлүк көрсөтүүгө» чакырыгынан кийин макул болгон.
CNN телеканалы булактарына таянып билдиргендей, Израиль да эки жумалык тынчтык келишимине кошулат.
Пакистан премьер-министри Шехбаз Шариф Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы тынчтык дароо күчүнө кирерин билдирди. Бирок Трамптын билдирүүсүнөн кийин эле Израиль менен Бириккен Араб Эмираттары Иран тараптан жаңы ракета жана дрон чабуулдары болгонун маалымдашты.
Трамптын билдирүүсү Иранга Ормуз кысыгын ачуу боюнча берген мөөнөт бүтөрүнө эки саатка жетпей жарыяланды. Буга чейин ал «эгер ачылбаса, бүгүн түнү бүтүндөй цивилизация жок болуп кетиши мүмкүн» деп эскерткен.
Трамп билдирүү жасардан бир нече саат мурун сүйлөшүүлөрдүн негизги ортомчусу болгон Пакистан премьер-министри Шехбаз Шариф АКШ президентинен мөөнөттү эки жумага узартууну суранган. Ошондой эле ал Иранды Ормуз кысыгын «жакшы ниеттин белгиси катары» ачууга чакырган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

