Ош: Жер титирөөдөн кийин К. Маткеримов атындагы мектептин дубалдарында жаракалар пайда болду

Ош шаарынын Кызыл-Кыштак муниципалдык айыл аймагынын Ишкаван айылындагы №64 К. Маткеримов орто мектебинин имаратынын дубалдарында  жер титирөөдөн кийин жаракалар пайда болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Бул маалыматты аталган муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдуманноп Маккамов тастыктады.
 
Анын айтымында, мектептин имараты 1985-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Негизги имараттын артындагы кошумча корпустун имараты 1990-жылы курулган. 
 
2-3 жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган мектептин имаратын жараксыз деп тапкан. Бирок, балдар окуй турган башка жай жок болгондуктан, аталган имаратта окуп келишкен.
 
Мектептин мугалимдери жер титирөөдөн кийин окуучуларды коопсуз жерге алып , жабыркагандар болгон жок. 
 
Азыркы учурда аталган мектептин имаратын ӨКМдин комиссиясы текшерүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз