Казак жана кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов каза болду

Казакстандын жана Кыргызстандын эл жазуучусу, акын Мухтар Шаханов каза болду. Бул тууралуу 20-апрелде Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги билдирди.

Ал 83 жашта болчу.

Мухтар Шаханов 1942-жылдын 2-июлунда Түлкүбас районунун Каскасу айылында (азыркы Түркстан облусу) төрөлгөн.

Ал 30дан ашык поэтикалык жыйнактын автору. Чыңгыз Айтматов менен биргеликте «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу эссе-китепти жана «Сократты эскерүү түнү, же маңгыбаш терисинин үстүндөгү сот» аттуу пьесаны жазган.

Шаханов СССР Жогорку Советинин эл депутаты, Казакстандын парламентинин Мажилисинин депутаты болуп шайланган. Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп иштеп, Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын алган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз