Чоң-Алайда ата-бала кошумча кубаттагычтан чыккан газга ууланып каза болду
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Кашка-Суу айылында ата-бала кошумча кубаттагычтан чыккан газа ууланып каза болгон. Бул тууралуу өздүк булактарына шилтеме берип «Турмуш» басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, окуя 8-март күнү түнү Кашка-Суу айылындагы балдар бакчасында орун алган.
Бакчада кароол болуп иштеген жаран 9-класста окуган уулу менен барып, кошумча кубаттагычты (движок) жандырышкан7 Натыйжада андан чыккан газга ууланып каза боушкан.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
2025-жылдын 8-март күнү саат Чоң-Алай РИИБге Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган Н.М. аттуу тургуну жана анын 2011-жылы туулган М.А. аттуу уулу ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып, Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган Н.М. аттуу тургуну жана анын 2011-жылы туулган М.А. аттуу уулу Кашка-Суу айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан (движок) чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.
Каза болгон жарандын атасы 1957-жылы туулган Н.М. окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, маркумдардын жансыз денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Учурда текшерүү уланууда, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.