Ош шаарында 2025-жылы кургак учуктун 329 учуру катталды
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы башталды. Ага Ош шаарынын мэри Ж. Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Күн тартибине 15 маселе коюлган.
Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча “Ош шаарынын медицина мекемелеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө” маселе каралууда. Анда депутат Айпери Ашимжан кызы шаарда канча кургак учук учуру катталганын сурады.
Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Шаятбеу Абдрахманов быйыл Ош шаарында кургак учуктун
329 учуру катталганын, бул өткөн жылга салыштырмалуу 16 учурга аз экенин билдирди.
Эл өкүлү каталган кургак учуктардын канчасы ачык, канчасы жабык түрү экенин сурады.
Абдрахманов ал боюнча мааоыматы жоктугун айтты.
“Ушул жылдын январь айында Ош МУда студенттен кургак учук аныкталып, апрелде гана баланы текшеришкен. Эмне үчүн 2 ай бою ал студентти карашкан эмес?”,- депутат.
Шайырбек Абдрахманов бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
“Анткени, аталган окуу жайдын өзүнүн клиникасы бар. Алар бизге маалымат бербесе, билбей калабыз”, - деди ал.
Эл өкүлү координатордо бардык маалымат болушу керектигин когумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

