Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин айлыгы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Социалдык тармактарда айлык боюнча квитанция (эсеп-кысап кагазы) тараган.

Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Клара Оскомбаева бул квитанция март айы үчүн төлөнгөн айлыкты көрсөтөрүн билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык, айлык акыны көтөрүү 1-апрелден тарта каралган. Учурда саламаттык сактоо уюмдарынын финансы кызматкерлери жаңы эсептөө маалыматтарын алышты жана апрель айында айлык жаңыртылган система менен эсептелет.

Ошондой эле министрлик эскерткендей, ЖМКларда жарыяланган квитанция жарым ставкада (0,5) иштеген же толук эмес жумуш убактысын аткарган дарыгердин айлыгын көрсөтөт.

Клара Оскомбаева белгилегендей, азыркы учурда жарым ставкада (болжол менен күнүнө 3 саат) иштеген дарыгердин айлыгы 8448 сомду түзөт.

«Апрель айындагы жогорулатуудан кийин жарым ставкадагы дарыгердин кызматтык оклады 13 500 сом болот. Мындан тышкары, ага кошумча түрдө президенттик компенсация катары 7500 сом төлөнөт», — деди ал.

Жалпы эсептелген айлык 21 миң сомду түзөт. «Бул президент жарыялаган айлыкты 100% жогорулатуу деңгээлине туура келет», — деп кошумчалады Оскомбаева.

Министрлик толук ставкада иштеген дарыгерлер үчүн айлык эсептөөнү да мисал келтирди:

  • 1 ставка (10 жылдык стаж, II квалификациялык категория):
  • Негизги оклад: 27 104 сом
  • Стаж үчүн кошумча (10%): 2 710 сом
  • Квалификациялык категория үчүн кошумча: 2 000 сом

Жалпы эсептелген айлык: 31 814 сом
Кошумча президенттик компенсация: 15 000 сом

Жалпы сумма: 46 814 сом
Колго тийген сумма: болжол менен 39 260 сом.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз