Орусиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди

27-апрелде Бишкек шаарына Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттон орусиялык министрди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Сапардын алкагында Белоусов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз